Июнда Абу-Даби — Бишкек — Абу-Даби авиакаттамын ачуу пландалууда

Аталган каттам эки өлкөнүн ортосундагы туризмди өнүктүрүүгө жол ачары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Абу-Даби — Бишкек — Абу-Даби авиакаттамын ачуу пландалууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту (МЭА) кабарлады.
Маалыматка ылайык, МЭА ААКсы Wizz Air Abu Dhabi авиакомпаниясы менен жаңы авиакаттамды ачуу жана кызматташуу боюнча макулдашууга кол койду.
"Өнөктөштүктүн башкы максаты — Кыргызстан менен БАЭнин ортосундагы жүргүнчүлөрдүн агымын көбөйтүү. Бул эки өлкөнүн ортосундагы туризмди кеңири өнүктүрүүгө жол ачып, дипломатиялык мамилелерди бекемдейт", — деп айтылат маалыматта.
Airbus Neo 321 учактары жумасына 3 жолу: шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү каттайт.
Ошондой эле жакынкы арада Абу-Даби — Ош — Абу-Даби авиакаттамы ачылары кошумчаланды.
Wizz Air Abu Dhabi — бул Абу-Дабинин диверсификацияланган экономикасынын негизги секторлорун камтыган эң ири холдингдик компаниялардын бири. Ал Wizz Air Holdings Plc Airbus A320 жана A321 сыяктуу 153 учак паркын башкарган Европанын эң тез өнүгүп жаткан жана туруктуу авиакомпаниясы болуп саналат. Компания жакында airlineratings.com тарабынан дүйнөдөгү эң коопсуз авиакомпаниялардын ондугуна кирген, ошондой эле Wizz Air авиакомпаниясы World Finance Sustainability Awards 2022де "Эң туруктуу бюджеттик авиакомпания" деп аталган.
Ош — Алматы авиакаттамын ачуу планы талкууланды