Пресс-борбор

Кыргызстандыктардын ГИТИСке тапшыруу мүмкүнчүлүгү тууралуу брифинг

Иш-чара бейшемби күнү, 2-мартта, саат 10:00дө онлайн-форматта өтмөкчү. Түз эфир Sputnik Кыргызстандын пресс-борборунун "ВКонтакте" баракчасында көрсөтүлөт.
Sputnik
Бишкекте россиялык театралдык искусство институтуна (ГИТИС) тапшыруу үчүн сынак башталды. Катышуучулар жаңы багыттагы факультеттерге гана тандалат.
Бул боюнча кененирээк төмөнкү адистер айтып берет:
Тибилова Эдита Анатольевна — ГИТИСтин окуу жана тарбия боюнча проректору;
Зульхарнеев Альберт Фархатович — Росскызматташтыктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү.
Урматтуу кесиптештер, суроолорду (0772) 17-54-88 номериндеги Telegram-каналга жөнөтсөңүздөр болот. Модератор аларды түз эфирде окуйт.