Өлкөдө уй менен тоок көбөйдү. Үй жандыктары боюнча жаңы статистика

Санакта мамлекеттик, жамааттык жана жеке чарбалардагы мал жана үй канаттуулары эсепке алынды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. 2022-жылы Кыргызстан боюнча бодо мал менен үй канаттууларынын саны өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
"Уйлар 1 783 миң башты түзүп 1,9 пайызга, үй канаттууларынын башы 7,5 пайызга көбөйгөн. Ошол эле учурда койлор менен эчкилердин башы 1,2 пайызга, жылкылардын башы 2,4 пайызга, чочколордун саны 13,1 пайызга жана аары бал челектеринин саны 4 пайызга азайды", — деп айтылат билдирүүдө.
Каттоо иштери айыл аймактарындагы дыйкан чарбаларда, жеке көмөкчү чарбаларда, ошондой эле шаар жериндеги дачаларда милдеттүү түрдө жүргүзүлдү.
Кыргызстанда кылмыштардын кайсы түрү көп катталат. Рейтинг