Кыргызстанда Kaspi же Сбербанк сыяктуу санарип банк түзүү пландалууда

Банк секторун өнүктүргөн жаңы технологияларды активдүү түрдө киргизүү керектиги белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Евразиялык сактык банкын Kaspi же Сбербанк сыяктуу санариптик кылып өзгөртүү пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Өкмөттүн маалымат кызматы белгилегендей, Жапаров "Евразиялык сактык банкы" ААКнын (76 пайыздан ашык акциясы Финансы министрлигине карайт) иши менен таанышкан.
"Ата мекендик рынокто чыныгы санариптик банк жок. Банктын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагына берилишинде аны Kaspi bank же Сбербанк сыяктуу кылып өзгөртүү максаты болгон. Банк секторун өнүктүргөн жаңы технологияларды активдүү түрдө киргизүү керек", — деди Жапаров.
Кыргызстан электрондук коммерциянын көлөмүн 2 эсеге көбөйтүүгө белсенүүдө