БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы 1943-жылы март айында болгон Украинадагы Корюковка трагедиясы боюнча тарыхый видеону жайгаштырды.
Жүрөктү үшүткөн фашисттик бул кылмыш Украинага караган Чернигов облусунда болгон. Эки күндүн ичинде жазалоочулар бардык айылдардын элин кырып салган. Тагыраагы, 6 700 адамдын өмүрү кыйылган. Бул Беларустагы Хатынь, Чехиядагы Лидице, Франциядагы Орадурдагы кайгылуу окуялардан да өтүп кеткен мыкаачылык болгон.
... Мындан 80 жыл илгери 1-мартта немец аскерлери менен украиналык кошумча полиция кызматкерлеринен турган жазалоочу отряд айылды курчаган. Документтерди текшеребиз деген шылтоо менен жашоочуларды мектепке, театрга, клубга, бейтапкананын имараттарына чогултушкан. Ал жактан жынысына, жаш курагына карай 50-100дөн кылып бөлүп, атышкан. 2-мартта өлүк толгон үйлөрдү (ресторанга эле 500дөн ашык кишини айдап киришкен) өрттөй баштаган. Бирок муну менен мыкаачылык токтоп калган эмес...