БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Россиянын ФСБсы украин улутчулдарынын Брянск облусунун Климовск районуна болгон кол салуусун токтотконун билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Калк арасында курмандыктарды болтурбоо жана элге керектүү инфраструктурага зыян келтирбөө максатында душман тарапка Украинанын аймагында массалык түрдө артиллериялык сокку урулду", — деп айтылган маалыматта.
Буга чейин Брянск облусунун бийлиги Климовский районундагы Любечане айылына диверсанттар киргенин айткан. Анын кесепетинен эки жай тургун көз жумган. Украинанын куралдуу күчтөрү учкучсуз учуучу аппарат менен Сушаны деген айылдагы турак үйгө жарылуучу каражат ыргытып, Ломаковка айылын миномёт менен аткылашкан.
Россиянын президенти Владимир Путин Брянскидеги окуяны теракт катары баалаган.