Радио

Илимпоз: "Эр Төштүктөгү" мифтик окуяларга илимий анализ кылуу татаал болду

"Манас" улуттук академиясынын Манас таануу бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин кандидаты Жүрсүн Орозалиева китептин электрондук вариантын академиянын сайтынан окуп, ой-пикир калтырса болорун айтты.
Sputnik
"Эр Төштүк энциклопедиясын" баштап алган соң канчалык чоң эмгекке киришкенибизди байкадык. Бул тууралуу Жүрсүн Орозалиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган энциклопедияны каалоочулар "Манас" улуттук академиясынын расмий сайтынан окуй алышат.
"Эр Төштүк" эпосу боюнча энциклопедия түзүүдө биринчи эмгек болгондуктан ар кандай кыйынчылыктарга туш болдук. Өзгөчө мифтик окуяларга илимий баа берүү оңойго турган жок. "Манас" улуттук академиясынын жамааты жаш болгонуна карабай максатыбызга жеттик деп ойлойм. Бардык окурмандарга, кызыккандарга ачыкпыз. Каалоочулар китептин электрондук вариантын академиянын сайтынан окуп, ой-пикир калтырса болот", — деди Орозалиева.
Окумуштуу эпостун башка улуттарда да версияларынын болгону ага илимий баа берүүдө түйшүк жаратканын кошумчалады.