БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Бишкекте үрөй учурган окуянын видеосу соцтармактарга тарап жатат.
Видеонун авторунун айтымында, аял күйөөсү менен урушуп кеткенден кийин андан машина менен качууга аракет жасаган. Бирок эркек киши Honda Fit автосунун үстүнө чыгып алган.
Кадрдан видеонун автору аялга сигнал берип жатканын, андан соң аял рулду башкара албай түркүктү сүзгөнүн көрүүгө болот. Кырсыктан улам машинанын үстүндөгү эркек киши ыргып кетип үйдүн дубалына урунган. Бирок ал тура калып аялды көздөй чуркаган. Күбөлөр келип кийлигишкенче ал аялды бир нече ирет уруп ийген.
Окуя эмне менен аяктаганы азырынча белгисиз. Биринчи май райондук ИИБ фактыны каттоого алып, тергөөгө чеийинки текшерүү иштерин баштады. Учурда окуянын катышуучулары изделип жатат.