Балыкчыда аскердик машыгуу өтүп, Жапаров баштаган жетекчилер көз салды. Сүрөт

Бир нече эпизоддорго бөлүнгөн аракеттерди көрсөтүүгө өздүк курамдан 200гө жакын катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Балыкчы шаарындагы полигондо пландалган тактикалык машыгууларга көз салды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Машыгуулардын жүрүшүндө Коргоо министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн чет жакадагы жана калктуу конуштагы мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөргө бөгөт коюп, жок кылуу боюнча көрсөтмөлүү практикалык аракеттери чагылдырылды.
1 / 7

Президент Садыр Жапаров Балыкчы шаарындагы полигондо пландалган тактикалык машыгууларга көз салды

2 / 7

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди

3 / 7

Машыгуулардын жүрүшүндө Коргоо министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн чет жакадагы жана калктуу конуштагы мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөргө бөгөт коюп, жок кылуу боюнча көрсөтмөлүү практикалык аракеттери чагылдырылды

4 / 7

Бир нече эпизоддорго бөлүнгөн аракеттерди көрсөтүүгө өздүк курамдан 200гө жакын аскер, 30га чейин автоунаа, бронетранспорттук жана атайын техника, замбирек жана миномёттук артиллерия, армия жана аскердик транспорттук авиациялык техника тартылганы белгиленди

5 / 7

Жапаров аскерлер күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда практикалык көндүмдөрдүн жана аскердик чеберчиликтин, аракеттердин ырааттуулугунун жогорку деңгээлин көрсөткөнүн белгилеген

6 / 7

Коргоо министрлигинин Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы полигонунда пландалган тактикалык машыгуулары

7 / 7

Коргоо министрлигинин Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы полигонунда пландалган тактикалык машыгуулары

Бир нече эпизоддорго бөлүнгөн аракеттерди көрсөтүүгө өздүк курамдан 200гө жакын аскер, 30га чейин автоунаа, бронетранспорттук жана атайын техника, замбирек жана миномёттук артиллерия, армия жана аскердик транспорттук авиациялык техника тартылганы белгиленди.
Жапаров аскерлер күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда практикалык көндүмдөрдүн жана аскердик чеберчиликтин, аракеттердин ырааттуулугунун жогорку деңгээлин көрсөткөнүн белгилеген.
Жапаров аскердик курал жана техникаларды оңдогон базанын абалы менен таанышты