3-мартка карата аба ырайы

3-мартта өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Жума күнү республиканын көпчүлүк жерлеринде ала булут каптайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Талас облусунда +14…+19, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +15…+20, Ысык-Көл жеринде +6…+11, Нарында 0…-5 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +18…+20, Ош шаарында +17…+19 градус болот.
Бишкектеги ыш: мэр жылытуу маалы бүтөрү менен 22 от казан алмашарын айтты