Өлкөдө 10 мал базар санитардык талаптарды бузганы үчүн жабылды

Республика боюнча жалпы 58 мал базар бар.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 10 мал базар ветеринардык-санитардык талаптарды бузганы үчүн убактылуу жабылды. Бул туурасында Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкө боюнча жалпы 58 мал базар бар, анын үчөө жаңыдан салынган. Текшерүү учурунда 47 мал базарда ветеринардык-санитардык нормалар сакталбаганы аныкталып, жазуу түрүндө эскертүү берилген. Ал эми жетөөнө 41 миң сомдон айып пул салынган.
Кочкор районуна заманбап мал базар курулат. Сүрөт