БИШКЕК, 1-мар. - Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы таланттуу балдар үчүн президенттик мектептин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мектеп 220 орунга ылайыкталган. Долбоорго ылайык, балдардын бир убакта билим алуусу жана алардын ыңгайлуу жашоосу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөт.
Мектеп заманбап стандарттарга жооп берет, анда окуучулардын жана мугалимдердин туруктуу жашоосу үчүн уктоочу бөлмөлөр, ар кандай окуу бөлүмдөрү үчүн залдар жана башкалар болот.
"Мектеп демөөрчүлүк каражаттарды тартуу менен курулууда", - деп билдирди президенттин маалымат кызматы.
Жапаров билим берүү мекемеси жаңы окуу жылына карата даяр болуп, пайдаланууга берилиши керектигин эске салды. Бул жерге өлкөнүн бардык аймактарынан таланттуу балдар чогулуп, билим алып, талантын, жөндөмүн өркүндөтүшү керек.
Президент ошондой эле Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын балалык” ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык комплексинде болду. Директору Алымкадыр Бейшеналиев комплекстин ишмердүүлүгүнө жана муктаж болгондорго реабилитациялык жардам көрсөтүүдөгү абалга токтолду.
Ал ошондой эле “Алтын балалыктын” ишин жакшыртуу боюнча пландар жана милдеттерге токтолду.
“Имаратты кыдырып жүрүп мамлекет башчы дарыгерлер, бейтаптар менен баарлашты. Ошондой эле Сириядан алып келинип борбордо реабилитациядан өтүп жаткан аялдар менен баарлашты”, — деп айтылат маалыматта.