Радио

Шафран, чайыр чөптү Баткенде өстүрүп, экспортко чыгаруу максатталууда

Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын директорунун орун басары Надырбек Козубаев 2001-жылдан бери Баткенде сөксөөл өстүрүү колго алынганын белгиледи.
Sputnik
Баткендеги сөксөөл токойлоруна шафран жана чайыр чөп (ферула) өстүрүп, аны экспорттоо пландалууда. Бул тууралуу Надырбек Козубаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, сөксөөл токоюнун аянты 2115 гектарга жетип, быйыл аны кеңейтүү боюнча тапшырма коюлган.
"Баткендин суу тартыш, кунарсыз жерлерине сөксөөл уругу коңшу өлкөлөрдөн алып келинип отургузулган. Мындай токой шамалды тосуп, жайыттардын деградациясын токтотууда. Анткени нымдуулукту көпкө кармап, ал жерге өсүмдүктөрдүн көбөйүшүн шарттайт. Мындан тышкары, курт-кумурска, канаттуулар, жан-жаныбарлар пайда болуп, аймактын флора, фаунасы жакшырууда. Учурда аталган токой өзүн-өзү калыбына келтирип, сөксөөлдөр табигый түрдө көбөйө баштады. Бул өз кезегинде мал-жандык үчүн ал жерлерди жайыт катары пайдаланууну шарттайт. Ошондой эле абаны тазартууда токойдун ролу чоң экени талашсыз. Анан, албетте, келечегинде куурагандарын отун катары колдонууга шарт түзүлөт. Сөксөөлдөрдүн аралыгы сегиз метрди түзгөндүктөн ал жакта агротокойчулукту өнүктүрүү пландалууда. Бул үчүн 2022-жылы 300 гектар жерге шафрандын уругун себүү планы коюлуп, быйыл ишке ашты. Баткенде шафран жана чайыр чөп же чаар куурай (ферула) деп аталган өсүмдүктөрдү өстүрүү актуалдуу болууда. Анын чайыры Афганстанга экспорттолот", — деди Козубаев.
Ошондой эле ал 2035-жылга чейинки Баткенди өнүктүрүү планына сөксөөл отургузуу киргизилгенин кошумчалады.