Парламент Каныбек Иманалиевдин билим берүү министри болушуна макулдук берди

Иманалиев анын талапкерлигин президентке төрага Нурлан Шакиев сунуштаганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңеш билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Иманалиевдин талапкерлигин колдоп, макулдук берди.
Анын талапкерлигин кароо учурунда депутаттар үч сааттан ашык убакыт суроо берип, жооп алышты. Натыйжада жыйынга катышкан 77 депутаттын баары "макул" деген добуш берди. Каршы чыккандар болгон жок.
Иманалиев жооп берип жатып анын талапкерлигин президентке Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев сунуштаганын айтты.
Белгилей кетсек, Конституция боюнча, министрлер парламенттин макулдугу менен дайындалат.
Каныбек Иманалиев өзүнө 7 кеңешчи алат. Биринчиси Гапыр Мадаминов болду