БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Москвада 6-март күнү "Кыргызстан менен Россиянын келечек үчүн диалогу" аттуу кыргыз-россиялык аялдар форуму биринчи жолу өтөт. Бул тууралуу Федерация кеңеши билдирди.
Пленардык жыйын саат 10:00дө башталат. Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко модератор болмокчу. Уюштуруучулардын маалыматында, форумдун коноктору менен катышуучуларынын алдында КР президентинин жубайы Айгүл Жапарова сөз сүйлөйт.
Иш-чарага, мындан тышкары, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева, КРдин саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, КРдин билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, РФте адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Татьяна Москалькова, Россиядагы эксперттик борбордун башкы директору Вероника Никишина катышары айтылды.
Форумдун алкагында тематикалык секциялар дагы пландалган:
№1 секция — "Аялдардын парламенттик диалогу жана мыйзам жаратуучу";
№2 — "Гуманитардык, коомдук жана кайрымдуулук жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү";
№3 — "Билим берүү жана маданият. Таланттуу балдарды жана жаштарды колдоо";
№4 — "Саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү, эне жана балага мамлекеттик колдоо көрсөтүү";
№5 — "Аял ишкерлер: евразиялык өлчөм".