Мэрия коомдук транспорттун жол киресин азырынча кымбаттатпай турган болду

Калаа башчысы элге жеңил болушу үчүн жол кирени этап-этабы менен көтөрүү чечими кабыл алынганын айтып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясы коомдук транспорттогу жол кирени көтөрүү боюнча долбоорду кайрадан чакыртып алды. Бул тууралуу борбор калаанын башчысы Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, муниципалитет бул маселеге азырынча кайрылбайт.
"Тариф маселесин чакыртып алдык. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары менен сүйлөштүк. Себеби эл дагы бир топ нааразылыгын айтып, социалдык тармактарга кымбаттаган тарифти шаардыктар көтөрө албай калат деп жаза баштады. Андыктан этап менен көтөрөлү деп чечтик", — деди Абдыкадыров.
Анын айтымында, жол кирени нак жана нак эмес төлөө идеясы кала бермекчи. Тагыраагы, карта менен 11, ал эми нак болсо 15 сом деп айтылган.
Буга чейин мэрия коомдук транспорттун жол киресин кымбаттатуу боюнча маселе көтөргөн эле.
Мурда төмөнкүдөй баалар айтылган:
Троллейбустар, автобустар — 15 сом;
маршруткалар: саат 6:00 - 20:30 арасы — 21 сом, саат 20:30 - 06:00 арасы — 32.
Экспресс-маршруткалар:
№ 233, 234 — 22 сом;
№ 123, 226, 252 — 32 сом.
Бишкектеги ыш: мэр жылытуу маалы бүтөрү менен 22 от казан алмашарын айтты