Билим берүү министрлиги мектеп формасына улуттук белгилерди кошууну карап жатат

Депутат окуучуларга калпак сыяктуу улуттук кийимдерди кийгизүүнү сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Мектеп формасын улуттук белгилерди кошуп тиктирүү каралууда. Бул туурасында билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев парламентте билдирди.
Депутат Тазабек Икрамов окуучуларга калпак сыяктуу улуттук кийимдерди кийгизүүнү сунуштаган.
Иманалиев улуттук кийим боюнча ак жана кара түстө болсун деген сунуштама бар экенин белгиледи.
"Бирок мен дизайнерлерге айттым, улуттук белги болсо. Мисалы, Умай эненин белгисин костюмдун чекесине кичинекей кылып тиктирип алса. Ал эркектерге да, кыздарга да жарашат. Ошол улуттук белгини көргөндө Кыргызстандын окуучусу экенин сезесиң да. Желек, герб дешти, бирок ушул жакшы го. Ал Кыргызстандын 3000 жылдан берки белгиси да", — деди Иманалиев.
Ошондой эле ал мындан кийин мектептин эмереги бири-бирине окшош болуп жасаларын кошумчалады. Иманалиевдин айтмында, бул боюнча бүгүн Акылбек Жапаров токтом чыгарат.
Апрель айынан тарта мектеп директорлорунун маянасы 50%га жогорулайт