Апрель айынан тарта мектеп директорлорунун маянасы 50%га жогорулайт

Бул багытта министрлер кабинети 481 миллион сом бөлүп берген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. 1-апрелден баштап мектеп директорлору менен окуу бөлүмүнүн башчыларынын маянасы 50 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев парламентте билдирди.
Анын айтымында, бул багытта министрлер кабинети 481 миллион сом бөлүп берген.
Ошондой эле Иманалиев чет өлкөдөн ыктыярчылар келип эки жылда директорлорго жаңы тажрыйбаны, заманбап ыкмалар менен башкарууну үйрөтүүгө даяр экенин айтты. Беш ыктыярчынын экөө Гарвард университетин бүтүп келгендер. Аларды аким, айыл өкмөт башчылары тосуп алып, жашоосуна шарт түзүп бериши керектигин белгиледи.
Мугалимдердин айлыгы кечиктирилсе жетекчисине чара көрүлөт. Министрдин тапшырмасы