БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 2 миллион 661 миң адам никеде турат. Башкача айтканда, 1 миллион 330 миңге жакын жубай бар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 2022-жылга карата жүргүзгөн эл каттоонун жыйынтыгында айтылат.
Маалыматка ылайык, никеде турган кыргызстандыктар 15 жана андан улуу курактагы калктын өкүлдөрү. Жалпысынан өлкөдө бул курактагы адамдардын саны 4 миллион 646 миң адамды түзөт. Анын ичинен эркектердин 58,5 пайызы жана аялдардын 56,2 пайызы никеде тургандар.
Бул куракта никеге эч качан турбаган кыргызстандыктардын үлүшү 32,3 пайыз болсо, ажырашкан жана бирге жашабаган аялдардын саны 6 пайызды, эркектер 3,3 пайызды түзөт.
Ошондой эле каттоонун жүрүшүндө 264,1 миң жесир же аялы өлгөн адам катталган.