Казакстанга Россиядан кооптуулук жок. ТИМ башчысы Тлеуберди Блинкенге жооп берди

Тлеуберди океандын артынан келген мамлекеттик катчыга жооп берип жатып, Казакстан РФ менен биргеликте Евразиялык экономикалык биримдиктин, ЖККУнун, КМШ жана башка уюмдардын мүчөсү экенин эске салган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Казакстан Россия тараптан кооптуулук сезген жок. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ТИМ башчысы Мухтар Тлеуберди АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Жон Блинкен менен чет элдик журналистке жооп берип жатканда айтканын Sputnik Казакстан жазды.
Маалымат жыйында чет элдик журналист Мухтар Тлеубердиден Казакстандын Россия тараптан кооптуулук бар экенин сезеби деген тейде суроо узаткан.
Андан сырткары, АКШнын мамлекеттик катчысы "ЕАЭБ менен ЖККУга кирген өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн арасында туруп" биригип жана Россияга каршы турууга чакырууну туура деп тапкан.
Тлеуберди Казакстан Россия менен биргеликте Евразиялык экономикалык биримдиктин, ЖККУнун, КМШнын жана башка уюмдардын мүчөсү экенин жана Казакстандын Россия тараптан кооптуулук сезбегенин белгиледи.
"Казакстан өзүнүн аймагын кандайдыр бир санкцияларды салууга же басып кирүү үчүн пайдаланууга жол бербейт. Анткен менен Россия Федерациясы тарабынан азыр кандайдыр бир кооптуулукту же тобокелдиктерди көргөн жокпуз", — деген Тлеуберди.
Коопсуздукту бетке кармап. РФ ЕБдин Борбор Азиядан маалыматты кантип аларын айтты