Кыргызстандын кайсы дубанында калктын саны көп? Статистика

Нарын облусунда калктын жайгашуусунун жыштыгы эң төмөн болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Чүй облусу Кыргызстан калкынын эң жыш жайгашкан аймагы экени аныкталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 2022-жылкы Эл каттоонун жыйынтыгы тууралуу отчётунда жазылган.
Анда Кыргызстан жалпысынан калк аз жайгашкан өлкө болуп саналары айтылат. Туруктуу калктын орточо жыштыгы 1 чарчы чакырымга 35 адам туура келет.
2022-жылда туруктуу калктын санынын аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү
Облустар боюнча:
Чүй өрөөнүнүн аянты өлкө аймагынын 10,2 пайызын ээлейт. Бул жерде өнөр жай ишканалары көп жана айыл чарбасы өнүккөндүктөн калк абдан жыш жайгашкан. Мында Бишкек шаарынын тургундарын кошкондо жалпы калктын 31,4 пайызы жашайт. Ал эми жыштыгы боюнча 1 чарчы чакырымга 107 адам туура келет;
Ош облусу жана Ош шаарында калктын 25,8 пайызы жашайт, 1 чарчы чакырым аянтта 61 адам орун алган;
Жалал-Абад облусунда 38 киши;
Баткен облусунда 33 адам;
Талас облусунда 24 адам;
Ысык-Көл облусунда 1 чарчы чакырым аянт 12 адамга ылайыкталган;
Нарын облусунда калктын жайгашуусунун жыштыгы эң төмөн болуп саналат. 1 чарчы чакырымда 7 киши жашайт.
Каттоо жүргөн учурда калктын саны 6 миллион 936 миң 156ны түзгөн. Анын ичинен 2,4 миллиону шаарда жайгашкан, калганы айылда орун-очок алган.
Чет жакта канча кыргызстандык бар? Эл каттоонун жыйынтыгы