БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Грецияда жүк жана эл ташыган эки поезд кагышып, 26 киши каза таап, 85и жаракат алган.
РИА Новости бул тууралуу Грециянын Өрткө каршы күрөшүү кызматынын өкүлү Василис Вартакояннистин ERT телеканалынын түз эфиринде айтканына таянып жазды.
"Учурда 26 адам көз жумду. Ооруканага 85 киши түштү", — деген Вартакояннис.
Кырсык түн жарымында болгон, мындай трагедиянын эмнеден чыкканы азырынча аныктала элек. Каргашанын кесепетинен өрт чыгып, үч вагон рельстен чыгып кеткен.
Элди вагондордон алып чыгуу үчүн 150 өрт өчүрүүчү иштеп, 40ка чукул Тез жардам иштеп жатканы айтылды.
Жарадар болгондор Лариса шаарынын университетиндеги ооруканага ташылып жатканын, шашылыш дагы эки оорукана ачылганын кабарлашты. Мындан башка дагы эки аймактагы аскердик госпиталдарды муктаждык жаралса жабыркагандарды кабыл алуу үчүн даярдашкан.
Телеканал поездде 350 адам болгонун, алдын ала берилген маалыматтарда Афина — Салоники каттамындагы рейс 28-февралда саат 19:22де сапарга чыкканын маалымдады.
Шаршемби күнү Hellenic Train компаниясы өзүнүн сайтында поезддердин каттамдары кармалып жатканын билдирген. Тагыраагы, Афина — Салоники поезди каттамга 48 мүнөт, ал эми Салоникиден 70 мүнөт кеч чыккан.