Эртең Бишкектин айрым конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт

"Бишкек суу канал" башкармалыгы шаардыктарды таза сууну камдап алууга чакырат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Эртең, 2-мартта, Бишкектин Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Мындай чектөө суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштеринин жүрүшүнө байланыштуу.
"2-мартта турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, социалдык-тиричилик багытындагы жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу токтотулат", — деп эскертет мэрия.
"Бишкек суу канал" башкармалыгы ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, калкты таза сууну камдап алууга чакырат.
Март айында кыргызстандыктар канча күн эс алат?