БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бишкекте таштанды чогултуу, ташып чыгуу жана кайра иштетүү милдетин чехиялык ReGreen s.r.o компаниясы алат. Бул тууралуу аталган калаанын башчысы Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, таштандыны кайра иштеткен заводду куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууга аракет жасалууда. Таштандыны чогултуу, чыгаруу, иштетүү менен санитардык тазалоо боюнча бирдиктүү оператор алектенет.
"Менден завод качан курула тургандыгы боюнча сурагандар көп. Буюрса, бул маселеге чекит коёбуз, эми Чехиядан келген инвесторлор менен иштейбиз", — деди Абдыкадыров.
Ал аталган долбоор 45 миллион долларга бааланганын, өзүн 15 жылдан кийин актай турганын билдирди. Заводду санитардык полигондун аймагына куруу пландалып жатканын, учурда жол картасы иштеле баштаганын кошумчалады.