Окуучулар "эмнеге Нарында крокодил жок" деп ойлонсун. Бекешев Иманалиевге тийишти

Эл өкүлү окуучулардын ой жүгүртүүсү менен иштөө керектигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билим берүү жана илим министри кызматына талапкер Каныбек Иманалиевге тамашалап суроо берди.
Ал учурда мугалимдер окуучунун ой жүгүртүүсү менен иштебей, бир нерсени жаттата берерине нааразы болду.
"Биз мектепте жаттаганга эле мажбурлай беребиз. Ойлонуп, талдоо жүргүзгөнгө үйрөтпөйбүз. Бул биздин эң чоң оорубуз. Мен сизге тамаша катары айтып коёюн, балдарга "эмнеге Нарын дарыясында крокодил жок" деген тапшырма бергилечи. Ушундай логикалык суроого жооп бере алабы? Өзү анализ жасай турган болушу керек. Сиз ушундай окуу методикасын киргизе аласызбы?" — деди Бекешев.
Иманалиев азыр мектептер үч эле жөндөмгө окутарын, ал эми дүйнөдө сегиз багыт пайда болгонун айтты. Анын жасай турган реформасында депутаттын айткан компоненти эң негизги багыттардын бири экенин белгиледи.
Иманалиев: митинг, чогулуштарга мугалимдерди алып барууга тыюу салыш керек