Иманалиев: Баткенге Россия жана РКӨФ тарабынан эки чоң мектеп курулат

Мектептин бири быйыл, экинчиси кийинки жылы куруларын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Баткен облусуна быйыл эки чоң билим берүү комплекси курулат. Бул туурасында билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев парламентте билдирди.
Анын айтымында, бирин Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду, экинчиси Россия өкмөтү тарабынан каржыланат.
"Экөө тең эл аралык деңгээлдеги мектеп болот. Эки бассейни менен. Бюджети 3 миллион доллардын тегерегинде. Бирөө быйыл, экинчиси кийинки жылы башталышы мүмкүн", — деди Иманалиев.
Ал эми министрдин орун басары Надира Жусупбекова Россия менен тогуз мектеп куруп берүү макулдашылганын, алар облустарда жана Бишкек, Ош шаарларына салынарын кошумчалады. Учурда жерлер бөлүнүп даярдалган.
Апрель айынан тарта мектеп директорлорунун маянасы 50%га жогорулайт