Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

НАТОнун баш катчысы Россия менен мамиледе артка жол жоктугун айтты

Ал мындан ары тобокелчиликсиз варианттар болбой турганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг альянс менен Россиянын мамилесинде “артка жол жок” экенине бекем ишенет. Бул тууралуу ал Финляндиядагы SAMAK саммитинде билдиргенин РИА Новости жазды.
“Биз бул согуштун бүтүшү Россия менен жакшы мамилеге алып барбай турганын түшүнүшүбүз керек. НАТО мүчөлөрү коргонууга көбүрөөк күч жумшашы керек, анткени “коопсуз дүйнөдө” коопсуздук талап кылынат”, — деп айткан Столтенберг.
Ошондой эле ал Украинаны колдоо — НАТОнун коопсуздук боюнча жеке кызыкчылыгы деген пикирин билдирген.
“Биздин Украинаны колдогонубуз кырдаалды курчутуу тобокелчилигин арбытып жатат деген кооптонууларды угуп жатабыз. Бирок... эми тобокелчиликсиз варианттар болбойт. Президент Путин Украинаны жеңе турган болсо эң чоң кооптуулук жараларынан эч ким күмөн санабасын”, — деди НАТОнун баш катчысы.
Өз кезегинде Россия бир нече жолу НАТОнун максаты конфронтация экенин айтып келген. Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков блоктун мындан ары кеңейиши Европага коопсуздукту алып келбей турганын белгилеген болчу. Ал эми ТИМ Москва НАТО менен тең укуктуулук негизде сүйлөшүүгө ачык экенин, ошол эле учурда Батыш континентти милитаризациялоодон баш тартышы керектигин билдирген.
Россия былтыр жазда эле Киевге курал ташып жатканы боюнча НАТО өлкөлөрүнө нота жиберген. Москва Украинага курал-жарак ташыган транспорттун бардык түрү россиялык аскерлер үчүн мыйзамдуу бута болуп каларын бир нече ирет белгилеген болчу.
Кремль Россия Европага эч кандай коркунуч жаратпастыгын, бирок өзүнүн кызыкчылыгы үчүн кооптуулук жаралса андай аракеттерди көңүл сыртында калтырбай турганын эскерткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТО Россия менен ачык эле тирешүүгө даяр. Аскер комитетинин билдирүүсү