Мугалимге үй, миллион сом берип, жогорку наам ыйгарылат. Иманалиевдин убадалары

Педагогдорду колдоо жана жаш муунга стимул берүү багытында бир топ иштерди жасоо пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өткөн жыйында приоритеттүү багыттарын атады.
Ведомствонун маалымат кызматы билдиргендей, жаңы келген министр төмөнкү иштерди жасоого белсенип турат:
президенттин демилгеси менен эки мугалимге Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы берилет;
"Жылдын мыкты мугалими" сынагынын жеңүүчүсүнө квартира, беш негизги предмет боюнча жеңүүчү болгон жылдын мыкты мугалимдерине бир миллион сомдон берилет. Жеңүүчү аталган 5 мугалим жыл бою Кыргызстанды кыдырып, көрсөтмө сабактарды өтөт;
жакынкы үч-беш жылда миңден ашуун мугалимге батир берилет. Бул үчүн атайын долбоор түзүү каралууда;
дүйнөлүк жогорку окуу жайларда окуп, атактуу компанияларда иштеген мекендештерге мамлекет тарабынан атайын сыйлыктар ыйгарылат;
президенттин демилгеси менен жакыр үй-бүлөдөн чыккан таланттуу балдар үчүн Чолпон-Ата шаарында мектеп-гимназия курулуп жатат. Ал жакынкы жылдарда ишке кирет.
Иманалиев: митинг, чогулуштарга мугалимдерди алып барууга тыюу салыш керек