Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лукашенко: Украинадагы чатакты токтотууга жакшы учур жаралып турат

Лукашенко АКШ киевдик режимди Россия менен ар кыл диалогго баруудан баш тартууга мажбурлагандыгын четке какпайт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Украинадагы чатакты чечүүгө азыр ыңгайлуу, жакшы учур келди. Бул туурасында Беларусь лидери Александр Лукашенко кытайлык ЖМКларга берген маегинде айтканын РИА Новости жазды.
Президент мындай учур башка ирет жаралбай каларын белгилеген. Россияны экономиканы согуштук рельске бура элегинде пайдаланып калууга чакырган.
Лукашенко анын кесиптеши Владимир Путиндин башкы максаты Украина тараптын кол салуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарып Россиянын коопсуздугун сактоо экендигин белгилеген.
Атайын операция башталганда эле көрсөтүп келишкендей, Москва сүйлөшүүлөр жолу менен гана алдыга жылууга баш коерун кошумчалады. Лукашенко ал арада АКШ киевдик режимди Россия менен ар кыл диалогго баруудан баш тартууга мажбурлагандыгын бөркүндөй көрө тургандыгын да айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Батыштын Россияны изоляциялоо аракети ишке ашкан жок