Кыргызстанда сурдоспорт менен машыккандардын саны 300гө жетет. Алардын көбү таэквондо, дзюдо, грек-рим жана эркин күрөш, футбол, волейбол, жеңил атлетикага катышат. Бул тууралуу Тилекмат Абдырахманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл сурдоспорт боюнча республикалык жана эл аралык мелдештерди өткөрүүгө, окуу-машыгуу жыйындарынын сапатын жакшыртуу үчүн мамлекеттен салыштырмалуу көп каражат каралып, ийгиликке өбөлгө болот.
"Кыргызстан спортунун тарыхында алгачкы ирет Азия — Тынч океан сурдочемпионаты өтөт. Иш-чара өлкөдө сурдоспорттун өнүгүшүнө чоң салым кошот. Спортчулар таэквондо, дзюдо, грек-рим күрөшү, эркин күрөш боюнча күч сынашат. Мелдеш угуусу жана сүйлөө жөндөмү начар болуп ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында өтүп, Япония, Иран, Ирак, Түштүк Корея, Монголия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан 230 спортчу катышат. Биздин өлкөнүн намысын 33 спортчу коргойт. Негизи угуусу жана сүйлөө жөндөмү начар кыргызстандык спортчулар эл аралык мелдештерде жакшы жыйынтыктарды берип жатышат. Учурда сурдоспорт менен машыккандардын саны 300гө жетет. Алардын көбү таэквондо, дзюдо, грек-рим жана эркин күрөшү, футбол, волейбол, жеңил атлетикага катышат ", — деди Абдырахманов.
Ошондой эле адис Бишкекте өтө турчу Азия — Тынч океан сурдочемпионатына даярдык жогорку деңгээлде болуп, уюштуруу иштери жыйынтыкталып калганын кошумчалады.