БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Март айында Кыргызстанда эки майрам белгиленет, ошол эле учурда эки ишемби иш күнгө которулган. Бул боюнча министрлер кабинетинин токтому чыкты.
8-март (шаршемби) Эл аралык аялдар күнү катары дем алыш деп белгиленди.
Ал эми Нооруз майрамына карата 18-марттан 21-мартка чейин төрт күн катары менен эс алабыз:
18, 19-март — ишемби жана жекшемби
20-март (дүйшөмбү) 29-апрелге (ишембиге) жылдырылды
21-март — Нооруз (майрам күн)
Ошондой эле 11-мартта (ишемби) 5-январдын эсебинен иштейбиз. Ал эми 6-январдагы иш күнү 25-мартка (ишемби) жылдырылган. Эске салсак, кыргызстандыктар 1-январдан 9-январга чейин эс алышкан.