Кыргызстан электрондук коммерциянын көлөмүн 2 эсеге көбөйтүүгө белсенүүдө

Өлкө электрондук коммерциянын чынжырчасына катышуу үчүн транзиттик потенциалды өнүктүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстан электрондук соода тармагындагы ишти күчөтүүгө ниет кылып жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тегерек столдо билдирди.
Анын айтымында, бийлик транзиттик потенциалды трансулуттук логистикалык хабдарды, кампаларды жана электрондук коммерциянын чынжырчасына кошулуу үчүн логистикалык инфраструктураларды түзүү менен өнүктүрөт. Бул жол менен көп сандаган жумушчу орундарды түзүүгө жана инновациялык финансылык технологиялардын (санарип акча, криптовалюта жана блокчейн) келишине жардам берет.
"Төмөнкү базанын" эффекти бизге экономиканын амбициялуу өсүү темпин камсыздайт. Кытайдын жанында туруп алып өзүбүздүн продукция үчүн бул "океанды" колдонбой келебиз. Электрондук коммерциянын Кытайдан Европага кеткен толгон-токой маршруттары биздин өлкөдөн кайып өтүүдө", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле 2021-жылы Кыргызстанда электрондук коммерциянын рыноктогу кирешеси 460 миллион долларды түзгөнүн белгиледи. 2025-жылы бул көлөм 864,1 миллион долларга, ал эми электрондук коммерция кызматынын колдонуучулары 2,7 миллионго (калктын үчтөн бир бөлүгү) жетери пландалууда.
Пресс-борбор
Россиялык компания Кыргызстанга кесиптик багытты аныктоочу системаны сунуштады