Кыргызстандыктардын билим деңгээли жогору деп бааланды. Эл каттоонун тыянагы

Улуттук статистика комитети 15 жаштагы жана андан жогорку курактагылар боюнча маалымат жарыялады.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстандыктардын (15 жаштан ары) бир пайызынын баштапкы жалпы билими жок. Бул тууралуу эл каттоонун алгачкы жыйынтыгында айтылат.
Улуттук статистика комитети өткөн жылы жүргүзүлгөн калкты каттоо иш-чарасынын жыйынтыгы Кыргызстандагы калктын билим деңгээли дээрлик жогору экенин көрсөткөнүн кабарлады.
Калктын 15 жана андан жогорку курактагылары боюнча маалымат (төмөндө пайыз менен көрсөтүлдү):
жогорку жана толук эмес жогорку билим — 29 пайыз;
орто кесиптик жана баштапкы кесиптик билим — 22 пайыз;
жалпы орто билим — 34 пайыз;
негизги жалпы билим — 10 пайыз;
баштапкы билим — 4 пайыз;
баштапкы жалпы билими жок — 1 пайыз (49,1 миң киши).
Мугалимге үй, миллион сом берип, жогорку наам ыйгарылат. Иманалиевдин убадалары