Акжол, Жоламан баштаган балбандар Болгариядагы турнирге катышат

Эл аралык мелдеш 2-6-март күндөрү өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын төрт мүчөсү эл аралык турнирге катышат. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-6-март күндөрү Болгариянын София шаарында күрөш боюнча Dan Kolov-Nikola Petrov рейтингдик эл аралык турнир өтөт.
Кыргызстандын атынан катыша турган балбандар:
Жоламан Шаршенбеков — 60 килограмм салмак категориясы;
Амантур Исмаилов — 67 килограмм;
Акжол Махмудов — 77 килограмм;
Үзүр Жусупбеков — 97 килограмм.
1 / 3

Амантур Исмаилов

2 / 3

Акжол Махмудов

3 / 3

Үзүр Жусупбеков

Балбандар улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков жана башкы машыктыруучу Азат Эркимбаевдин жетекчилиги алдында күрөшөт.
Кыргыз балбандары Египеттен дагы эки алтын медаль утту. Видео