Коргоо министринин орун басары: кыргыз армиясында "дедовщина" жок, кепилдик берем

Карасартов аскердик тартиптин бузулган учурлары гана бир аз катталып жатканын айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов улуттук армияда "дедовщина" жок экенин билдирди.
Парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинде депутат Руслан Жакышов аталган жагдайды сурады.
"Кыргыз армиясында "дедовщина" жок деп кепилдик бере алам. Ар кандай аскердик тартиптин бузулушу кичине болуп жатат, тилекке каршы. Коргоо министрлигинде Тарбия башкармалыгынын жетекчиси чоң жумуштарды жүргүзүп жатат. Тартип бузууларды жоюуга катуу иш-аракеттерди жасап жатабыз. Ал эми армияда өз өмүрүнө кол салгандар боюнча териштирдик. Үй-бүлөлүк шартына байланыштуу болду деген жыйынтык чыгарылган. Ошол аскер кызматкеринин командири менен башчылары жоопкерчиликке тартылган", — деди Карасартов.
Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров аскердик кызматтарда үстөмдүк кылуу, уруп-согуу толук жоюла электигин белгилеп, эгер мындан бир аскердин мурду канай турган болсо командири камаларын эскерткен.
Коргоо министрлиги: армияда жанын кыйгандардын көбү — толук эмес бүлөдө өскөндөр