Чет жакта канча кыргызстандык бар? Эл каттоонун жыйынтыгы

Эл каттоо учурунда 1,1 миллион жаран убактылуу башка жакта экени аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Статистика комитети жүргүзгөн эл каттоонун жыйынтыгына ылайык, былтыр 876,9 миң кыргызстандык чет жакта жүргөнү белгилүү болгон.
Каттоодо жарандын эмгек ишмердүүлүгү жана миграция тууралуу суроолор камтылган. Жалпы жонунан 1 миллион 94,5 миң адам туруктуу жашаган жеринде жок болуп чыкты:
жумушуна байланыштуу — 964,6 миң киши (88,1%);
үй-бүлөлүк шартка байланыштуу — 77,4 миң (7,1%);
окууга байланыштуу — 41,4 миң (3,8%);
башка себептер менен — 11,1 миң (1%).
Убактылуу башка жактар жүргөндөрдүн ичинен 876,9 миң жаран Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен, ал эми 217,6 миң киши ички мигрант болуп саналат.
"Чет жактагылардын басымдуу бөлүгү — 872,9 миң киши КМШ мамлекеттеринде, 4 миң адам башка өлкөлөрдө жүрөт", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандыктардын билим деңгээли жогору деп бааланды. Эл каттоонун тыянагы