Радио

Баткендин жолдорун жакшыртуу үчүн 5,3 млн. доллар грант алынат

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин инвестициялык долбоорду ишке ашыруу тобунун жол инженери Айбек Калмаматов министрлик Баткен облусунун жолдорун жакшыртуу үчүн 5,3 миллион доллар грант аларын айтты.
Sputnik
Депутаттар министрлер кабинети менен Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы "Автомобиль жолдорун тейлөө жана техникалык тейлөө үчүн жабдууларды өркүндөтүү" проекти боюнча гранттык макулдашуунун долбоорун карашты. Бул тууралуу Айбек Калмаматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, гранттык келишимдин алкагында 53 даана техника алынат.
"Баткен облусунун жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо жана жол тейлөө ишканаларынын жол тармагын оӊдоо потенциалын чыӊдоо, аталган облустун автомобиль жолдорун жана жол катмарын тейлөөчү жабдууларды жакшыртуу максатында министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосундагы нота алмашуу иш-чарасы бүткөрүлдү. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы кызматташуу келишимине ылайык, 700 миллион йена өлчөмүндөгү акча каражаты бөлүнүп жатат. Доллар менен эсептегенде 5,3 миллион долларды түзөт. Грант Баткен облусунун жолдорун жакшыртууга каралган. Анын алкагында 53 даана техника алынат. Долбоордо асфальт-бетон заводу да бар", — деди Калмаматов.
Ал сатып алынган техника "Кыргыз автожол" мамлекеттик ишканасынын балансында болорун кошумчалады.