БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Шаршемби күнү республиканын бардык региондорунда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +10...+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +11...+16, Ысык-Көл чөлкөмүндө +3...+8, ал эми Нарында -4...+1 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +13...+15ке, Ош калаасында +14...+16 градуска жетет.