Акылбек Жапаров Дмитрий Биволду өкмөттүн Ардак грамотасы менен сыйлады

Иш-чарага бокс боюнча дүйнөдөгү мыкты спортчулардын бири Бивол ардактуу конок катары катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бокс боюнча Бишкектеги эл аралык турнирдин ачылышына катышып, ал жерден бокс боюнча дүйнөдөгү мыкты спортчулардын бири Дмитрий Биволду өкмөттүн Ардак грамотасы менен сыйлады.
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиргенине караганда, Жапаров аталган иш-чарада сүйлөп, бул сыяктуу турнирлердин маанилүү экендигине токтолгон.
Эл аралык турнир Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жатат.

"Спорт адамдын ден соолугун, дене боюн гана чыңдабастан, акыл-эсин, интеллектуалдык жөндөмүн да өнүктүрөт. Спорт — жашоо. Жашоо — кыймыл. Мындай таймаштар биздин кийинки чемпиондор үчүн жакшы мотивация болот. Бул көптөгөн таланттуу жигиттерге бокста өзүн көрсөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөрдү ачат”, — деген Жапаров.

Бул иш-чарага бокс боюнча дүйнөдөгү мыкты спортчулардын бири Дмитрий Бивол ардактуу конок катары катышкан.
Жапаров Кыргызстанда төрөлгөн спортчуга спортту өнөктүрүүгө кошкон салымы үчүн министрлер кабинетинин Ардак грамотасын тапшырган.
Акылбек Жапаров маданият тармагына бөлүнө турган каражат көбөйөрүн айтты