Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ ТИМи: Россия АКШ, Канадага жооп кылган санкцияларды киргизет

Захарова Батыштын санкциялары Россиянын өндүрүштүк жана финансылык мүмкүнчүлүгүн ыдыратууга багытталганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев — Sputnik. Россия АКШ, Канадага каршы жооп кылган санкцияларды киргизет. Бул туурасында РФтин Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарованын айтканы аталган ведомствонун сайтына жарыяланды.
Анда жооп кылган чаралар даярдалып жатканы, алар буга чейин топтолгон тажрыйба менен Вашингтон, андан соң Оттавага багытталары айтылган.

“АКШ башында турган Батыш агрессия, болгон каражаттары менен тартынбай эле күч-аракетин жумшап жаткан кырдаалда Россиянын контрсанкциялары да өз ара катаалдык жана жазадан куткарбай турган принциптердин негизинде мындан ары жасала бермекчи”, — деген Захарова.

Анын айтымына караганда, Батыштын чектөөлөрү Россиянын өндүрүштүк, финансылык мүмкүнчүлүгүн ыдыратууга жана дүйнөлүк чарбалык байланыштарды үзүүгө багытталган.
Россиянын атайын операциясы башталгандан бери Батыш Москвага карата санкцияларын күчөттү. Саны улам өскөнү менен АКШ да, Европа да бул ыкманын кесепети Россияга алар ойлогондой тийбей жатканын моюндаган жайы бар.
Президент Владимир Путин Россияны ооздуктап алсыратуу Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин айтып келет. Ал белгилегендей, АКШ менен Европанын негизги максаты — миллиондогон адамдардын жашоо шартын начарлатуу. Мамлекет башчынын айтымында, ал арада Москва бул басым-кысымдардан оңой өтүп кетип, ал эми санкция демилгечилери өздөрүн-өздөрү жазалап жатат.
Санкциялардын арты менен Россияда экономиканын жаңы багыты пайда болду