Иманалиев: митинг, чогулуштарга мугалимдерди алып барууга тыюу салыш керек

Иманалиев акча сурабай эле эки-үч жылда эффект бере турган жагдайлар бар экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Мугалимдерди митинг, чогулуштарга алып барып колдонгонго тыюу салышыбыз керек. Бул тууралуу Каныбек Иманалиев парламенттин Социалдык саясат комитетинде билим берүү жана илим министри кызматына талапкерлиги каралып жатканда билдирди.
"Акча жумшабай эле мугалимдин аброюн көтөрө турган иштерди жасайбыз. Биз мугалимдин аброюн Баткендин чек арасын коргогондой коргошубуз керек. Аким, инвестор, депутат, министр келет, мугалимдер зал толтурган электоратка айланып калган. Митингге деле мугалимди алып барабыз. Сабак үзгүлтүккө учурап жатпайбы, ал эми биз сабакка акча төлөп жатабыз. Баланын келечегине балта чаап жатабыз. Мектепке киргенде саясат токтошу абзел, бир эле саясат — билим берүү. Ошого мыйзам менен тыюу салышыбыз керек", — деди Иманалиев.
Ошондой эле ал акча сурабай эле эки-үч жылда эффект бере турган жагдайлар бар экенин белгиледи.
Иманалиев: жаңы орун басар алам, ал өлкөнүн карызы боюнча иш алып барат