Жапаров Маммүлк менен Финансылык чалгындоо кызматынын жетекчилерин иштен алды

Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы кол койду.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Ал бул кызматта 2021-жылдын декабрь айынан бери иштеп келе жаткан. Бакировдун ордуна 2021-жылдын май айынан тарта Финансылык чалгындоо кызматынын директору болуп келген Канатбек Тургунбеков дайындалды.
Канатбек Тургунбеков
Ал эми Финансылык чалгындоо кызматын Финансы министрлигинин башкармалыктарынын биринде иштеген Канат Асангулов жетектемей болду.
Канат Асангулов
Тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министринин милдетин аткарат