Кыргызстан китеп басып чыгаруу жаатында эл аралык үч сынакта жеңишке жетти

Өлкөдө чыгарылган үч китеп Россия, Өзбекстан жана Казакстанда өткөн сынактарда баш байгени жеңип алды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. 2022-жылы республикада жалпы китеп фонду 19 365 293 экземплярды түздү. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 1 010 666га көп экендигин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Республика боюнча 11 китепканадагы 20 548 китеп санариптештирилген.
Китепканага катталган окурмандардын саны 5 001 423 түзсө, жыл ичинде онлайн жана офлайн тартипте 10 404 884 окурман тейленип, аларга 10 405 200 китеп берилген.
"Өлкө боюнча 150 китепканадагы балдарды эрте өнүктүрүү борборлорунда үч жаштан жети жашка чейинки балдар бир жумада эки жолу акысыз билим алышты. 2022-жылы китеп басып чыгаруу жаатында Кыргызстан эл аралык үч сынакта баш байгени жеңип алды. Биринчиси Москва шаарында өткөн КМШ өлкөлөрүнүн "Китеп искусствосу" эл аралык сынагында балдар үчүн иллюстрацияланган "Манас" китеби. Экинчиси Ташкент шаарында өткөн Tashkent book fest-2022 III эл аралык китеп жарманкесиндеги сынакта "Манас " китептер сериясы. Үчүнчүсү Казакстанда өткөн "Улуу Жибек Жолу" X эл аралык китеп жана полиграфия көргөзмөсүнүн жыйынтыгы менен "Уламыштар жана жомоктор" китеби жеңишке ээ болгон", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле анда өткөн жылы министрлик тарабынан өлкөдөгү китепканалардын фондун толуктоого 5 миллион сом бөлүнгөндүгү кошумчаланган.
Россотрудничество Кыргызстандын мектептерине 20 миң китеп берет