Радио

Ишкерге кошумча киреше алып келчү "географиялык көрсөткүч". Чоо-жайы

Кыргыз патенттин товардык белгилерди экспертизалоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Урмат Сарыпов Кыргызстанда интеллектуалдык менчиктин жаңы объекти болгон "географиялык көрсөткүч" тууралуу айтып берди.
Sputnik
Жогорку Кеңеште "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөткүчтөр жана товарлардын чыгарылган жеринин аталыштары жөнүндө" мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Буга байланыштуу Кыргыз патент мыйзам алдындагы актыларды иштеп баштады. Бул тууралуу Урмат Сарыпов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, продукциянын келип чыгышынын географиялык көрсөткүчү товар өндүрүүчүгө кошумча киреше алып келет.
"Мыйзам ишкерлерге жерине жараша товарын бренд кылып, географиялык көрсөткүчтүн жардамы менен сатууну көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн берет. Маселен, Оштун атактуу самсасы, Өзгөн күрүчү, Ысык-Көлдүн чычырканагы же Ат-Башынын балы эми бренд боло алат. Мыйзам кабыл алынса биздин ишкерлерге мындай брендди расмий каттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Географиялык көрсөткүч бренд катары аймактагы ассоциациялар же башка бизнес-ассоциациялар тарабынан гана катталышы мүмкүн. Башкача айтканда, бир эле бизнесмен бренд ала албайт. Бул үчүн продукт өндүрүүчүлөрдүн тобу биригиши керек. Бренд катары көрсөтүлүп жаткан географиялык көрсөткүч ошол аймакка гана тиешелүү, уникалдуу продукт болууга тийиш. Ассоциация мыйзам деңгээлинде өз продукциясын жасалмалардан коргой алат", — деди Сарыпов.
Ал товардык белгини жана географиялык көрсөткүчтү каттоо үчүн арызды экспертизадан өткөрүү мөөнөтү жети айды түзөрүн кошумчалады.