Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Донецкиде украиналык туткундардан турган ыктыярдуу батальон түптөлдү

Батальондогулардын ичинен каалагандар Россиянын жараны болуп, келишимге кол коёт да даярдыктан өтүп баштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Донецк Элдик Республикасында украиналык туткундардан турган ыктыярдуу батальон түптөлдү. Бул тууралуу РИА Новости ал жактагы аскердик бөлүктөрдүн командирлеринин бири Андрей Тищенкого шилтеме кылып маалымдады.
"Украина бийлиги өз адамдарын коргош керек болгон мезгилде таштап салган. Муну карап туруп, менде жана бул бөлүктө мени менен боло турган жолдошторумда мындай нерсеге маани берүүгө мүмкүнчүлүк пайда болду", — деген Тищенко.
Тищенко — танк бөлүгүнүн мурдагы командири жана украиналык күчтөрдүн сержанты, учурда жаңы батальондун бөлүгүн жетектейт.
Батальондогулардын ичинен каалагандар Россиянын жарандыгын алып, келишимге кол коёт да даярдыктан өтүп баштайт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украиналык туткундар Киевдин аскерлерди даярдоосу начар экенин айтып беришти