Радио

Жумалиев: апрелде 160 миңдей жоогазын Бишкектин көркүн ачат

"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев шаарды көрктөндүрүү үчүн жасалып жаткан иш-аракеттерге токтолду.
Sputnik
"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы Бишкекти кооздоо үчүн ноябрь айында 160 миңдин тегерегинде жоогазын гүлүн отургузган. Бул тууралуу Жаныбек Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, отургузулган жоогазындар апрель айында Бишкек шаарын көрктөндүрмөкчү.
"Биздин ишкана жылдагыдай эле шаарды жашылдандыруу боюнча тынбай аракеттенип келүүдө. Марттын келиши менен 9 миңдин тегерегиндеги жазгы жалбырактуу бак-дарактарды тигүүнү пландап жатабыз. Көрктөндүрүү иштери дегенде эң биринчи гүлдөр эске келет. Ноябрь айында 160 миңдин тегерегинде жоогазын гүлүн отургузганбыз. Буюрса алар апрель айында көрктөнүп, шаарыбызды кооздойт. Жоогазындар гүлдөп бүткөндөн кийин жылдык гүлдөр себилмекчи. Азыркы кезде 1 600 000дей гүлдү өзүбүздүн теплицада даярдап жатабыз. Учуру келгенде райондорго бөлүштүрүп берилет", — деди башкы агроном.
Ал экологиянын бузулушу адам өмүрүнүн кыскарышын шарттап жатканын кошумчалады.