Радио

Административдик-аймактык реформаны Нарында ишке ашыруу каралууда

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев административдик аймактык реформанын (ААР) алкагында жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берди.
Sputnik
Административдик аймактык реформаны Нарын облусунда сынамык иретинде жүргүзүү пландалууда. Бул тууралуу Бакыт Төрөбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган реформа райондук деңгээлде Түптө, Сузакта жана Кочкордо ишке ашырылып жатат.
"Түп районундагы 13 айыл 5 айыл өкмөткө бириктирилди. Стимул катары өздөрү топтогон каражат ошол жакта калтырылат. Келечекте сынамык иретинде РЭСти Энергетика министрлигинин карамагынан чыгарып, өз алдынча иш алып барууга мүмкүндүк берүү боюнча атайын план иштелип чыгууда. РЭС абоненттерден каражатты топтоп, калкты тейлөөнү дагы өз колуна алышы шарт. Салык системасынын дагы ушул сыяктуу принципте иштешин кароо зарыл. Бул багыттагы жумуштар баскыч менен сынамык иретинде чекесинен ишке ашырылууда. Анткени кемчилик болуп калса аны жоюуга мүмкүндүк болушу керек. Ошондой эле облустук деңгээлде административдик аймактык реформаны сынамык иретинде Нарында жүргүзүү максатыбыз бар. Облустун райондорунда муниципалдык мекеме ачып, ага бардык коммуналдык ж.б. кызматтарды тейлөө мүмкүндүгүн берүү каралат. Ошондо жоопкерчиликти алган ишканадан суроого болот", — деди Төрөбаев.
Ошондой эле ал 2024-жылы сынамык иретинде жүргүзүлгөн иштердин натыйжасына жараша экинчи баскычка өтүү караларын кошумчалады.