28-февралга карата аба ырайы

28-февралга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. 28-февралда республика боюнча күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +7...+12, Талас аймагында +5...+10 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8...+13, Ысык-Көл өрөөнүндө +4...+9 градус жылуу болсо, ал эми Теңир-Тоодо -1...+4 градуска чейин жылыйт.
Борбор калаа Бишкекте күндүн табы +9...+11, Ош шаарында +10...+12 градуска жетери болжолдонду.
Кышты узатуу. Бишкектин жака-белинде өткөн Масленица майрамынан 12 сүрөт