Жалал-Абадда алдыдагы аптада аба ырайы кандай болот?

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумада Жалал-Абад облусунда аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, 27-28-февралда жана 1-2-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.
3-мартта тоолуу райондордо кар жаап, бирок дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
4-мартта дагы жаан-чачын болбойт.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Кайра суук түшөбү? Чүй облусундагы бир жумага карата аба ырайы