БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Социалдык фонддо камсыздандырылган 2 480 жаран топтомо бөлүгүнө чогулган акчасын колдонду. Бул туурасында Социалдык фонддун маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Соцфондго болгон төгүмдөрдүн 2 пайызы топтомо бөлүгүнө түшөт. Аны ипотекалык кредиттерди жабууга, жумушсуз калганда жана оор илдетке кабылган учурда пайдаланса болот.
Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган жарандар үч айлык мөөнөттө бир жолу жашоо минимумунан (8 025 сом) ашпаган каражатты ала алат.
2022-жылы ипотекалык насыясы барларга 241,5 миллион сом, жумушсуздарга 763 миң сом төлөнгөн.
Топтомо бөлүгүндөгү каражатты биринчи жолу ипотекалык насыя алып жаткан 318 адам, мурда алган ипотекасын жабуу максатында 2 001 киши колдонгон. Ал эми жумушсуз жүргөндөрдүн ичинен 161 адам пайдаланган.